2024-жылдын 4-апрель күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Индиядан келген жетекчилерди жана блогерлерди кабыл алды. Жолугуушунун жүрүшүндө ал Улуттук университет чет элдик студенттерди кабыл алып, окуутуга кызыкдар экенин жана аларга ыӊгайлуу шарттарды түзүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Индиялык коноктор жылуу кабыл алгандыгы үчүн ректорго жана университтеттин жамаатына ыраазычылык билдирип, алардын негизги максаты – Улуттук университет тууралуу кеӊири маалымат топтоп, аны өз өлкөсүндөгү окуучуларга жеткирүү, маалымат берүү жана эки элдин ортосундагы достук-алака мамилелер менен кызматташтыкты чыӊдоо экенин билдиришти.

Жолугушууга о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеӊиш Бексултанов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков жана басма сөз кызматынын башчысы Жээнбек Эралиев катышты.

Жолугуушудан соӊ Индиядан келген коноктор Улуттук универститет тууралуу материал чогултушту.

Добавить комментарий