2024-жылдын 3-апрель күнү  башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент менен “Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык фонду биргеликте уюштурган “Жаз, акын” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Иш чараны окуу иштери боюнча проректор Жеӊиш Бексултанов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. “Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Кечеде  акындар Жибек Сапар кызы, Улан Дөөлөтов жана Жыпар Кутпидинова лирикалык ырларды көркөм окуп, обондуу ырлар аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Эске сала кетсек, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду көп жылдардан бери уюштуруп келген “Поэзия кечелери” Кыргызстандын белгилүү жана жаш акындарын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Добавить комментарий