2024-жылдын 3-апрель күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн лекция окуду. Иш-чарага Ош мамлекеттик университети менен Ош техникалык университетинин студенттери онлайн режимде катышты. 

Минкаб башчысы дүйнөлүк экономикалык тенденциялар, өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

(С) Министрлер Кабинетинин сайты

Добавить комментарий