2024-жылдын 2-апрель күнү математика жана информатика факультетинин студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, cталиндик репрессияда, Апрель окуясында каза болгон баатырларды жана Чыӊгыз Айтматовду эскеришти.

Мындан 14 жыл мурда болгон окуяда Улуттук университеттин МжИ факультетинин ага окутуучусу М.Жумаев менен СГИ институтунун ага окутуучусу Ж.Кудайбергенов курман болгон.

Аталган комплекстин экскурсоводу 1937-жылы сталиндик репрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тууралуу да айтып берди.

(С) Бектур Жолдубаев – факультеттин студенттик кеңешинин төрагасы

Добавить комментарий