2024-жылдын 30-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Конфуций институту “Кытай тили – достук көпүрөсү” аттуу республикалык сынака конкурска тандоо турун өткөрдү. Тандоого Конфуций институту менен кызматташкан жогорку окуу жайлардын жана КУУнун айрым факультеттеринин студенттери катышты.

Конкурс көркөм айтуу, сүрөттү карап окуя айтуу жана талант көрсөтүү бөлүктөрүнөн турду. Сынакка жалпысынан 11 студент катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында мыкты делген 4 студент тандалып алынып, 27-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлүүчү республикалык сынакка катышат. Республикалык этапта жогорку жыйынтык көрсөткөн студент дүйнөлүк конкурста Кыргызстандын атынан чыкмакчы.

(С) Калыкова Нургүл – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий