2024-жылдын 28-март күнү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым кыргыз-кытай институту менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттерине “Создание сообщества единой судьбы человечества – благородная цель дипломатии Китая” деген темада конок лекция окуп берди.

Иш чараны ректор Төлөбек Абдырахманов ачып, Ду Дэвень айымды Улуттук университетте көрүп турганына кубанычта экенин жана атайын убактысын бөлүп, студенттерге лекция окуп бергени келгени үчүн ыраазычылык билдирди. 

Андан соӊ сөз элчиге берилип, Ду Дэвень айым Улуттук университеттин окутуучу-профессорлору менен студенттерин көрүп турганына кубанычта экенин билдирип, лекциясын баштады.

Элчи айым кытай дипломатиясынын негизги максаты – адам укуктарын коргоо, азыркы глобалдашып, татаалдашып бараткан коомдоо адамзаттын баалуулуктарын сактоо, жер шарынын кайсы гана жеринде болбосун, кайсы улуттагы, расадагы адам болбосун, баарына бирдей бакубат, бейпил жашоо куруу, жалпы адам баласына бирдей шарт түзүү экенин билдирди.    

Лекциянын жүрүшүндө Ду Дэвень айым Кытай тууралуу кеӊири маалымат берип, учурда технологиясы, экномикасы, илим-билими, медицинасы эӊ алдыӊкы өлкө экенин баса белгиледи. Анын айтымында, экологияны сарамжалдуу пайдалануу максатында Кытайда электр энергиясын күн нурунан жана шамалдан алуу ишке ашырылууда; интернет жогорку деӊгээлде өнүккөндүктөн дээрлик баардык төлөмдөр онлайн, QR коддор аркылуу жүргүзүлөт; накталай акча дээрлик колдонулбайт; билим берүү сапаты мыкты болгондуктан, мыкты кадрлар даярдалып, өндүрүш өсүп-өнүгүүдө.

Элчи айым андан ары эки элдин достук мамилеси, кызматташтыгы тууралуу токтолуп, Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасына техникалык колдоо катары автобус жана өрт өчүрүүчү техникаларды берип, Нарын облусуна көпүрө курулганын билдирди.

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк элчи айымга кызыктуу лекция окуп бергендиги үчүн ыраазчылык билдирип, жогорку даярдыктагы кесипкөй журналисттерди даярдоо үчүн Кытайдагы жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттери  менен кызматташууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн айтты. Ду Дэвень айым өтүнүчтү эске алып, аракет кылаарын билдирди. Элчи айым о.э. студенттердин суроолоруна жооп берди.

Лекциянын соңунда Төлөбек Абдырхаманов кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар берилгенин белгилеп, атайын убактысын бөлүп келип берген Ду Дэвень айымга ыраазычылык кат тапшырды.

.

                                                                                                                                                                                                                                                 

Добавить комментарий