2024-жылдын 25-26-27-март күндөрү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган “Тилдерди кесиптик багытта окутууда жасалма интеллектти колдонуу технологиялары” аталышындагы 72 академиялык саат көлөмүндөгү семинар-тренинг болуп өттү.

Жыйынды мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, семинардын максаты жана күтүлүп жаткан натыйжалары тууралуу айтып берди.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан семинар борбор калаада жайгашкан жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын башын бириктирип, тилдерди окутуунун методу, заманбап шарттарга ылайыкташтырып билим берүүдө жаңы технологияларды жеткиликтүү деӊгээлде колдоно билүүнү айрыкча жасалма интеллектти колдонууну үйрөнүү максатсын көздөйт.

Семинардын биринчи күнүндө “Студенттерди окутууда жасалма интеллекти колдонуу технологиялары” деген темада математика факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Назарбаев Фархат лекция өттү.

Экинчи күнү Ала-Тоо эл аралык университетинин доценти Нурзат Усупова “Active learning” деген темада практикалык сабактардын үлгүлөрү менен тааныштырды.

Ал эми семинардын үчүнчү күнү “Жасалма интеллектти колдонуу аркылуу илимий иш жазуунун алгоритми” деген темада Ала-Тоо эл аралык университетинин инженерия жана информатика факультетинин деканы Исаев Руслан лектор болду.

Семинар-тренинг угуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болуп, пикир алмашуу жана суроо-жооп форматында талкуулар болду.

Семинардын соңунда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан атайын убактыларын бөлүп, пайдалуу жана керектүү маалыматтары, тажрыйбалары менен бөлүшкөндүгү үчүн лектор-тренерлерге алкыш айтып,  Улуттук университеттин ыраазычылык каттарын  тапшырды. Катышуучулар жасалма интеллект тууралуу кенен түшүнүккө ээ болуу менен бирге бул тармакка кызыгуулары ойгонгонун белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологияларына арналган бул семинар 6-ирет өткөрүлдү. Буга чейин январь айында өткөрүлгөн.

Семинардын биринчи күнү

Семинардын экинчи күнү

Семинардын үчүнчү күнү

Добавить комментарий