2024-жылдын 28-мартында санариптик технологиялар борборунда 581000 «Маркетинг», 540200 «Социалдык иш», 532300 «Кытай таануу ”, 710200 “Маалыматтык системалар жана технологиялар”, 710400 “Программалык камсыздоо” жана 510300 “Маалыматтык технологиялар” багыттары боюнча КУУнун  магистрлик билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоо боюнча тышкы эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттигинин директору Эрик Эсентаев ачып, сөздү Россия Федерациясынын Кесиптик жана коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борборунун директору Галина Мотовага берди.

Ал өз сөзүн “Эми эркин дем алсаңыздар болот!” деп баштады. Андан ары КУУнун өкүлдөрү менен эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн магистрик программалардын 4 кластерин экспертизадан өткөрүү боюнча иштин аякташы менен куттуктады. Галина Мотованын айтымында, ар бир эле университет эл аралык аккредитациядан өтүүгө батынбайт, бирок Улуттук университет батынып эле тим болбостон, ага абдан жакшы даярданып, комиссиянын мүчөлөрүнүн жемиштүү жана натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берди.

«Эки жарым күн университеттин жамааты үчүн да, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү үчүн да өтө оор, өтө чыңалып иштеген күндөр болду», – деп улантты ал сөзүн. «Жумуш абдан олуттуу экенин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Бул күндөрү биз ректорат, институттардын директорлору, билим берүү программаларынын жетекчилери, окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдүк. Биз Улуттук университетке ыраазычылык билдиребиз. Анткени, сиздер тышкы экспертиза процедурасына өтө кылдаттык менен даярданыпсыздар.

Бүгүн биздин эксперттик комиссиялар өз ишин аяктады. Бирок, муну менен аккредитация бүтпөйт. Ушуга көңүл буруңуздар, урматтуу кесиптештер. Биз экинчи этаптан гана өттүк. Биринчи этап –  өзүн өзү текшерүү болсо, ​​экинчи этап – комиссия, үчүнчү этап – тышкы экспертизанын корутундусун даярдоо жана эки Россия менен Кыргызстандын аккредитациялык агенттиктеринин чечимин кабыл алуу болот.

Бул биздин соңку жолугушуубуз. Биз Улуттук университет менен коштошпой, бул жерден алган таасирлерибиз, биз көргөн жана бизди таң калтырган жетишкендиктериңиз жана ийгиликтериңиз жөнүндө айтпай кете албайбыз.  Анан, албетте, эксперттик комиссиянын сунуштарын да айтабыз. Алар сиздерге өтө пайдалуу болот деп ойлойм.

Биз бул жерде 2 абдан маанилүү нерсени түшүнүшүбүз керек:

1. Жыйынтыктоочу жолугушууда биз сиздерге, а сиздер бизге суроо бербейсиздер, анткени жумуш аяктады.

2. Эксперттик комиссиянын азыр айта турган сөздөрү корутундунун же чечимдин акыркы версиясы эмес. Анткени отчетту даярдоо үчүн дагы бир нече жума убакыт бар. Отчеттор толугу менен жазылып бүткөндөн кийин сиздер аларды аласыздар, б.а. чечим кабыл алаардан мурун биз сиздерге бардык отчетторду жөнөтөбүз. Аларды бир жума бою окуп, карайсыздар. Бир гана нерсе – сиздер бааны оңдой албайсыздар. Бирок, фамилиядан ката кетирген болсок же башка техникалык ката болсо, аны оңдоого болот, биз алар боюнча макулдаша алабыз. Биз сиздер менен отчеттор боюнча макулдашкандан кийин гана аларды аккредитациялык кеңештин жыйынына жөнөтөбүз. Белгилеп кетейин, Билим-Стандарттын максималдуу аккредитациялоо мөөнөтү 5 жыл, алар өздөрү чечим чыгарышат, ал эми россиялык агенттиктин максималдуу аккредитациялоо мөөнөтү 6 жыл, биз өзүбүзчө чечим кабыл алабыз. Ошентип, сиздер эл аралык аккредитациядан өттү деген 2 сертификат аласыздар. Жыйынтыгында, сиздер өз өлкөңүздө гана эмес, Россияда да тааныласыздар.  Андан тышкары, биз сиздерди Азия-Тынч океан аймагына да алып чыгабыз. Биздин аккредитациялык кеңеш июнь айынын акыркы бейшембисинде, ал эми Билим Стандарттыкы майдын башында болот.

Эми сөздү эксперттик комиссиялардын төрагаларына, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнө жана студенттердин өкүлдөрүнө берем. Сиздер жазуу жүзүндө толук отчетторду аласыздар.

Мен спикерлерден Улуттук университеттеги бардык жакшы нерселерди, бардык жетишкендиктерди жана, албетте, сунуштарды айтууну суранам».

Андан кийин кластердик комиссиялардын төрагалары чыгып сүйлөштү:

  • Светлана Панасенко – э.и.д., , Г.В.Плеханов атындагы Россиянын экономика университетинин профессору, “Маркетинг№ кластери боюнча комиссиянын төрагасы
  • Людмила Осьмук – с.и.д., Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин социалдык технологиялар институтунун директору, “Социалдык иш” кластери боюнча комиссиянын төрагасы.
  • Эльмира Хабибуллина – ф.и.к., Казань (Приволжск) федералдык университетинин доценти, “Кытай таануу” кластери боюнча комиссиянын төрагасы
  • Александр Щукин – т.и.к., Петр I Санкт-Петербург политехникалык университетинин “Прикладдык информатика” БП жетекчиси, “Маалыматтык технологиялар” кластери боюнча комиссиянын төрагасы.

Алар өздөрү барган КУУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуудан алган таасирлери менен бөлүшүп, ал жердеги жетишкендиктер жана ийгиликтер тууралуу айтып, ошондой эле өз сунуштарын билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө иш берүүчүлөр менен студенттердин өкүлдөрү да сөз сүйлөштү.

Жыйындын соңунда Россия Федерациясынын Кесиптик жана коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борборунун директору Галина Мотова жогоруда аталган магистрдик билим берүү программалары ишке ашырылып жаткан түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине эл аралык тышкы эжкспертизадан өткөндүгү тууралуу Билим-Стандарттын директору Эрик Эсентаев менен Улуттук аккредитация борборунун директору Галина Мотова кол коюшкан сертификаттарды тапшырды.

Галина Мотова о.э. аккредитация боюнча КУУнун координатору Гүлнара Бузурманкуловага жана ректор Төлөбек Абдырахмановго эстелик сувенирлерди тапшырды.

Кыргыз Республикасынын «Билим-Стандарт» Көз карандысыз аккредитация агенттигинин директору Эрик Эсентаев КУУнун ректоруна ишти уюштургандыгы, ал эми Россия Федерациясынын Аккредитациялоо боюнча улуттук борборунун директоруна кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ректор Төлөбек Абдырахманов тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, эксперттик комиссиянын жазуу жүзүндөгү сунуштары ал үчүн университеттин жетекчиси катары «иш-аракеттин колдонмосуна» айланып, университеттин жамааты алардын үстүндө иштей турганын белгиледи.

Добавить комментарий