География, экология жана туризм факультетинин студенттери үчүн жаӊы жылдык кече уюштурулду. Майрамдык иш-чараны факультет деканы Рыскүл Токторова менен декандын орун басары Октябрь Топбаев ачып берген соң, 1-курс студенттерине сынак китепчеси тапшырылды. Кеченин жүрүшүндө 2023-2024-окуу жылынын мыкты студенттерине факультет деканы жана мугалимдер жамааты каалоо-тилек айтып, төмөнкү номинациялар боюнча грамоталарды тапшырышты.
«Эӊ мыкты спортчу» наамы:
- Жакшылык уулу Жанарбек (ордо, футбол боюнча);
- Бурканов Элбек (футбол боюнча);
- Калыкова Сезим (волейбол боюнча);
- Жороева Элиза (волейбол боюнча);
«Эӊ мыкты студент» наамы:
- Досалиева Алия (география багыты);
- Саламатова Кундуз (туризм багыты);
- Рыскулова Алия (экология багыты);
«Коомдук активист» наамы:
- Сатаров Тургунбек
«Чыгармачыл студент» наамы:
- Керимкулова Асель
«Активдүү студент» наамы:
- Ишенбаева Кадича
- Сапабекова Бегимай
«Эӊ мыкты староста» наамы:
- Эсенбекова Эркайым
Кечени уюштурууга салым кошкон тайпалардын старосталары менен студенттик кеӊештин мүчөлөрүнө да грамоталар тапшырылды.
Жаӊы жылдык кече концерттик программа, оюн-зоок менен уланып, факультеттин студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.
(С) М.Р.Байсеитова – тарбия иштери боюнча декандын орун басары