2023-жылдын 19-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь – туулган күнүнө жана 95 жылдыгына арналган “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык сценка көрсөтүү конкурсу болуп өттү.

КУУнун жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору Кадыр уулу Алмаз жана “Жаш толкундар” адабий ийримиинин жетекчиси Турдубаева Назгуль тарабынан уюштурулган иш чарага төмөнкү жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты:

  1. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультети: “Жамийла”;
  2. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика жана психология институнун мектепке чейинки билим берүү профили: “Ак кеме”;
  3. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультети: “Кылым карытар бир күн”;
  4. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо иши факультети: “Биринчи мугалим”;
  5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А.Алиев атындагы академиясы: “Эрте жаздагы турналар”;
  6. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана адабияты факультети: “Бетме-бет”;
  7. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин юриспруденция, журналистика, экономика факультеттери: “Делбирим”;
  8. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаштар саясаты жана спорт департменти: “Кызыл алма”;
  9. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту: “Кыямат”;

Сынактын калыстар тобуна жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү эмес, республикабызга белгилүү инсандар киришти:

1. Сманбеков Темирлан Камашович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чынгыз Айтматов, Муратбек Рыскулбеков, Болот Бейшеналиев атындагы эл аралык жана республикалык сыйлыктардын ээси;

2. Курманалиев Руслан Сейитбекович – КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Чынгыз Айтматов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов атындагы эл аралык жана республикалык сыйлыктардын ээси, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси;

3. Көчөрбаев Самат Батыркулович – КР эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук Манас театрынын манасчысы;

4. Макеева Кундуз Турдубековна – КР маданиятынын мыкты кызматкери, Д.Күйүкова, К.Жантошев атындагы сыйлыктардын ээси, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун театр факультетинин сахна кеби кафедрасынын башчысы;                        

5. Шекенова Аида Жумагазиевна – КР маданиятынын мыкты кызматкери, КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн Ардак грамоталарынын ээси, КРУИАнын аспиранты, ЭЛТР улуттук радио-теле көрсөтүү компаниясынын улук редактору;

Конкурстун жыйынтыгында төмөнкү окуу жайлар даражалуу орундарга ээ болушту:

1-орун: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А.Алиев атындагы академиясы: “Эрте жаздагы турналар”;

2-орун: Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультети: “Кылым карытар бир күн”;

3-орун: Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультети: “Жамийла”;

3-орун: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаштар саясаты жана спорт боюнча  департменти: “Кызыл алма”.

Урматтуу коңкурстун калыстар тобу жана катышуучу студенттер!

Бардык жогорку окуу жайлардын студенттеринин аракеттери жогору болду. Айтматовдун ааламы түбөлүктүү экендигин жана жаштар Айтматовдун чыгармалары менен жашап, Айтматовдун деми менен тирүүлүктүн кадамдарын шилтеп жүргөндүгүн дагы бир ирет  далилдедиңиздер! Баарыңыздарга терең ыраазычылык жана ийгилик!

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий