2023-жылдын 20-декабрь күнү санариптик технологиялар борборунда социалдык жана гуманитардык багыттагы темалар боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчеттор Эксперттик кеңеш тарабынан кабыл алынды.

Аталган кеңештин курамы:

  • Сулайманова Бактыгуль Жеңишбековна – эксперттик кеңештин төрайымы, э.и.д., профессор;
  • Алынбекова Сусаркуль Шергазиевна – Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Атыгаева Айнура Атыгаевна – эксперттик кеңештин мүчөсү, т.и.д. профессор.

Жыйынга о.э. КУУнун илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев жана фундаменталдык илимдер институтунун директору Амантур Рыспаев катышты.

Эксперттик кеңештин кароосуна КУУнун фундаменталдык илимдер институтунда ишке ашырылып жаткан төмөндөгү долбоорлор сунушталды:

  1. Карабалаева Г.Т. – Научно-методологические основы обеспечения реализации инклюзивного высшего образования в Кыргызской Республике;
  2. Медетов А.С. – Азыркы учурдагы кыргыз балдар адабиятындагы проблемалар жана аны чечүүнүн жолдору;
  3. Базакеева К.Ж. – Исследование современных взглядов и проблем военно-политического взаимоотношения между государствами Центрально-Азиатского региона и урегулирования (решение) возможных приграничных вооруженных конфликтов;
  4. Жусубалиев А. – Ааламдашуу шартында кыргыз коомунун биримдигин бекемдөөдө мамлекеттик тилдин орду жана ролу;
  5. Омурова Ж. – Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы коопсуздук маселелери;
  6. Мамбетакунов Э.М. – Башталгыч кесиптик билим берүүнү санариптештирүүнү технологиялык жактан камсыздоо.

Аталган долбоорлор жогорку деңгээлде корголуп, эксперттер кийинки жылга улантууга сунуштар берилди. 

Жыйындын соңунда министрликтин өкүлдөрү жана эксперттер иш-чараны жакшы уюштургандыгы үчүн КУУнун жамаатына ыраазылык билдиришти.

Добавить комментарий