2023-жылдын 19-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуу Британиянын “Anglia examinations ENGLAND” уюмунун өкүлү Мартин Клотс менен “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемесинин директору Тилек Үркүнчиевди кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университеттин жана колледждин студенттерине кош диплом берүү, “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси аркылуу англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана аларды окутуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Аталган долбоордун максаты – студенттерди жаңы методика боюнча окутуу жана англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу, о.э. Улуу Британиянын стандарттарынын негизинде англис тилин билүү деңгээлин баалоо системасын ишке ашыруу.

Тилек Үркүнчиевдин айтымында, студенттер окууну аяктагандан кийин Улуу Британиянын, Чыгыш Азиянын, Латын Америкасынын жогорку окуу жайлары тарабынан таанылган, эл аралык статусу бар сертификат алышат. Бул сертификаттын өзгөчөлүгү – англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган башка эл аралык сертификаттардан айырмаланып мөөнөтсүз берилет. Студенттер чет мамлекетке чыкпастан, университетте окуп жатып эле онлайн форматта Улуу Британянын Chelsea бизнес мектебинин мугалимдеринен сабак алып, профессиясына жараша 2 дипломдун ээси боло алышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Университетте англис тилин тереңдетип окутуу боюнча быйыл колледждин студенттери билим алса, кийинки жылы университеттин деӊгээлинде пилоттук долбоорду ишке киргизүү боюнча сөз болду.

Ректор аталган билим берүү мекемеси менен иштешүүгө даяр экендигин билдирип, университеттин мугалимдерин окутууга жиберээрин айтты. Мугалимдер Ысык-Көлдүн жээгинде окуудан өтүшөт.

Добавить комментарий