2023-жылдын 5-июль күнү саат 11:00дө башкы имараттагы чоң жыйындар залында 2023-2026 жылдарга КУУнун Жамааттык келишиминин жаңы редакциясын кабыл алууга арналган конференция болуп өттү. КУУнун жетекчилиги, түзүм жетекчилери, кесиптик бирлик активинин өкүлдөрү, бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө ар турдүү пикирлер, сунуштар айтылып, соңунда Жамааттык келишимдин жаңы редакциясына ректор Төлөбек Абдырахманов менен Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков кол коюшту.

Добавить комментарий