Билим берүүнүн сапаты – келечектеги адистердин кесиптик даярдыгынан, теориялык билимдин практикалык тажрыйба менен айкалышынан жана билим берүү мекемелеринин өз ара натыйжалуу кызматташтыгынан көз каранды. Ушул багыттагы иштерди өркүндөтүү максатында 2026-жылдын 27-октябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык институтунун Мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Адылбек кызы Гүлназ төрагалык кылып, күн тартибиндеги маселелердин мазмундуу жана конструктивдүү талкууланышына жетекчилик кылды.
Жыйындын негизги темасы «Сапаттуу педагогикалык билим берүү: университет, мектеп жана иш берүүчүлөрдүн өнөктөштүгү» деп аталып, анда «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча билим берүү программасынын (ББП/ООП) окутуу натыйжалары, аларды ишке ашыруунун уюштуруучулук-педагогикалык маселелери жана келечектеги педагог адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жолдору талкууланды.
Иш-чарага кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү — Бишкек шаарындагы №69 жалпы билим берүү мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Байшериева Р.К. жана №5 жалпы билим берүү мектебинин мугалими Руслан кызы Жайнагүл катышты.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү программасында аныкталган окутуу натыйжаларынын мазмуну, алардын болочок математика мугалимдерин даярдоодогу орду, заманбап мектептин талаптарына шайкештиги жана студенттердин теориялык билимин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу маселелери кеңири каралды.
Иш берүүчүлөрдүн катышуусу жыйындын мазмунун практикалык жактан байытып, билим берүү программасын эмгек рыногунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын реалдуу талаптарына ылайык өркүндөтүү боюнча маанилүү пикирлерди ортого салууга мүмкүнчүлүк түздү.
Атап айтканда, №69 жалпы билим берүү мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Байшериева Р.К. талкууланып жаткан маселелердин өз учурунда жана туура багытта коюлуп жаткандыгын белгиледи. Ал даярдалып жаткан болочок педагог адистердин билим деңгээлине жана даярдыгына коюлган талаптар учурдун талабына жооп бериши зарылдыгын баса белгилеп, «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча билим берүү программасында каралган окутуу натыйжаларынын мазмуну заманбап билим берүү системасынын талаптарына шайкеш келерин белгиледи. Ошондой эле программада белгиленген багыттар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан коюлган талаптарга ылайык иштелип жаткандыгын оң баалады.
Кафедра башчысы Адылбек кызы Гүлназ өз сөзүндө университет менен мектептин кызматташтыгын чыңдоодо жумуш ордунда окутуунун (ОРМ – обучение на рабочем месте) маанисине өзгөчө токтолду. Анын белгилөөсүндө, студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу максатында жумуш ордунда окутуу уюштурулуп, студенттер өнөктөш мектептерге барып, бир күндүк окуу процессинин алкагында мектептин ишмердүүлүгү менен таанышып, педагогикалык чөйрөдө практикалык тажрыйба топтошууда.
Мындай окутуунун формасы студенттерге мектептеги реалдуу билим берүү процессин байкоого, мугалимдин күнүмдүк ишмердүүлүгүн түшүнүүгө, окуучулар менен иштөө өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүгө жана алган теориялык билимдерин практикада колдонууга шарт түзөт. Ошону менен бирге болочок мугалимдердин кесиптик багытын туура аныктоого, педагогикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эмгек ишмердүүлүгүнө эрте даярдануусуна өбөлгө болот.
Жыйындын катышуучулары университет менен жалпы билим берүү мектептеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлерин билим берүү программасын өркүндөтүүдө эске алуу, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана окутуу натыйжаларына иш жүзүндө жетишүүнү камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча билим берүү программасында каралган окутуу натыйжаларынын тандалышы жана мазмуну туура багытта экендиги белгиленип, аларды ишке ашырууну мындан ары да өркүндөтүү боюнча пикирлер айтылды. Ошондой эле иш берүүчүлөр менен туруктуу байланыш түзүү, мектептер менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана жумуш ордунда окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маанилүү милдеттер катары аныкталды.
Университет менен мектептин өнөктөштүгү — сапаттуу педагогикалык билим берүүнүн маанилүү шарты. Анткени бүгүнкү күндө жогорку окуу жайдын негизги милдети теориялык билимге гана ээ болгон адисти эмес, заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, практикалык көндүмдөрү калыптанган, кесиптик жоопкерчилиги жогору жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү педагогду даярдоо болуп саналат.
Мындай мазмундагы жолугушуулар билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга, иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алууга жана болочок педагог адистердин окутуу натыйжаларына жетишүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле университет, мектеп жана коомчулуктун ортосундагы натыйжалуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
(С) А.К.Көчөрова — окутуучу