Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу келишимине ылайык, академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында 2026-жылдын 29-октябрында Кыргыз филологиясы факультетинин “Филология (кыргыз)” багытында окуган студенттер үчүн конок лекциялар уюштурулду.
Конок лекциялардын жүрүшүндө ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Кочорова Күлүмкан Осмоновна «Педагогикалык дискурс» деген темада лекция өттү. Лекцияда педагогикалык дискурстун маани-маңызы, анын өзгөчөлүктөрү, билим берүү процессиндеги орду жана окутуучу менен студенттин ортосундагы кесиптик-коммуникативдик байланыштын мааниси тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окутуучусу Келдибаева Розакан Төрөевна «Кыргыз тилиндеги иш кагаздарынын үлгүлөрү» деген темада конок лекция өткөрдү. Лекциянын алкагында кыргыз тилиндеги иш кагаздарынын түрлөрү, аларды түзүүнүн негизги талаптары, тилдик жана стилдик өзгөчөлүктөрү, расмий иш кагаздарын сабаттуу даярдоонун жолдору каралды.
Иш-чаранын негизги максаты – жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо, билим берүү тажрыйбаларын алмашуу, студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүү жана алардын кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү.
Конок лекциялар студенттерге өз багыты боюнча кошумча билим алууга, тажрыйбалуу окутуучулардын пикирлери менен таанышууга жана алган билимдерин практикалык жактан бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түздү.
Мындай академиялык мобилдүүлүк иш-чаралары жогорку окуу жайлардын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана болочок филологдордун кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор