2026-жылдын 28-октябрында Кыргыз филологиясы факультетинде “Мамлекеттик тилдин функционалдык стилдеринин проблемалары жана аны чечүүнүн жолдору” илимий долбоорунун алкагында “Укуктук-ченемдик актыларды которуудагы проблемалар” деген темада семинар болуп өттү. Сабакка факультеттин окутуучулук-профессордук курамы жана «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттери катышты.
Долбоордун жетекчиси доцент А.С.Медетов жүргүзүлгөн изилдөө иштери жана расмий-ишмердик стилдин проблемалары боюнча кеңири баяндама жасады. Факультет деканы Б.А.Жайлообаев семинардын катышуучуларын куттуктап, иш кагаздарын жүргүзүүдөгү көйгөйлөргө токтолду. Доцент А.Бешкемпирова “КР Салык кодексинин түп нускасы менен котормо варианттын ортосундагы айрымачылыктар”, доцент Н.Осмонова “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин “котормосундагы терминологиялык проблемалар” деген темада, К.Карасаев атындагы БМУнун улук окутуучусу Ө.Абдыкалыков “Эмгек кодексинин кыргыз, орус тилиндеги тексттеринин иденттүүлүгү маселеси” деген темада темада баяндамалар жасашып, аталган проблемалар боюнча кеңири суроо-жооп, талкуу жүргүзүлдү.
(С) А.С.Медетов — Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти