2023-жылдын 21-ноябрында УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда «Академик Б.М.Юнусалиевге 110 жыл» аттуу илимий конференция болуп өттү. Жыйынга кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова катышып, «Б.М.Юнусалиев — байыркы кыргыз тили тууралуу» деген темада баяндама жасады.
Конференцияга окумуштуулар, ЖОЖ мугалимдери, жазуучулар, докторанттар, аспиранттар, о.э. онлайн форматта Туркия, Казакстан жана Өзбекстандан окумуштуулар катышты.
Конференцияны УИАнын президенти, мүчө-корреспондент К.Е.Абдрахматов ачып, академик Б.М.Юнусалиевдин өмүр жолу тууралуу кино-тасма көрсөтүлдү.






(С) Гүлжамал Жаманкулова — кыргыз тил илими кафедрасынын профессору