2026-жылдын 6-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу менен Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Алымбек Кушубеков Кочкор районунун Кум-Дөбө айылына барып, Улуттук университеттин окумуштуу-тарыхчыларынын ал жерде жайгашкан орто кылымдардагы «Төрткүл» (Кочкор башы) шаар чалдыбарындагы казуу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып келишти.
Изилдөө иштеринин жетекчиси, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев КУУнун жетекчилерине төмөндөгүдөй маалымат берди:
Казуу иштери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ортосундагы «Көөнө тарых сырлары» (2023-2027-жж) программасынын алкагында жүргүзүлүп, казуу иштерине институттун 4-курс студенттери менен жергиликтүү туургундар катышууда.
2024-2025-жылдардагы изилдөөлөрдө XI кылымга мүнөздүү чакан коомдук мончо (хамамм) ачылган. Дене ысытуучу (парилка), жылытуучу от казан (печка) жана жуунуучу (ванна) бөлмөлөрдөн турган мончонун пайдубалы таштан жана бышкан кыштан кыналып, атайын шыбак менен шыбалган. Бөлмөлөрдө карапа идиштеринин фрагменттери, XI-XII кылымдарга таандык коло тыйындар табылган.
2026-жылдагы изилдөөлөрдө от казандары жана мончону жылытуу системасы ачылды. Жылытуу үчүн көмүр жана жыгач колдонулган. Чалдыбардын борбордук бөлүгүндө диаметри 8 м, бийиктиги 2,5 м келген тегерек формадагы устакана ачылды. Ал жерде түрдүү карапа идиштери, жез, темир, айнек иштетилген. Устакананын айланасында бышкан кыштан жана таштан салынган очоктор ачылууда. XI-XII кылымдарга таандык тыйындар табылгалардын өзгөчө топтомун түзөт.
Кыдыруунун соңунда проректор Мырзабек Камчыбек уулу Улуттук университеттин окумуштуу-тарыхчылары менен институттун 4-курс студенттерине терең ыраазычылык билдирип, жаңы табылгалар менен ийгиликтерди каалады. Анын айтымында, бул табылгаларды Кыргыз тарыхынын байыркы жана орто кылымдардагы жаңы багыты катары кароого болот.