Адамды жакындан билиш үчүн белгилүү убакыт, өмүрдүн кайсы бир учуру керек. Басма сөз бетиндеги гезит-журналдардан, радио,телеберүүдөн кийинки кездери социалдык тармактардан агайдын эмгектери менен тааныш элем. Жаңылбасам, бир жолу КУУнун кыргыз адабияты кафедрасында иштеп жаткан жеринде жол очерктери жазылган китебимди таштап кеткем.
2017-жылы тагдыр бизге устат жана шакирт шыбагасын буйурду. Мени дайыма көрүнүктүү адамдардын жеке личносты, турмуштук окуялары, дүйнө тагдыры, ой дүйнөсү, адеп-ахлагы, мүнөзү жана басып өткөн жолу, тажрыйбасы кызыктырчу. Анткени, биздин билимге чаңкап турга кезибизде азыркыдай интернет, аалам төр, социалдык желелер, смартфон, байланыштын көптөгөн түрлөрү болгон эмес. Улуу адамдар жөнүндө академиялык-илимий стилде жазылган маалыматтарды окуганбыз.
25 жылдан ашыгыраак журналисттик кесиптин аркасынан Кыргызстандын көп жерлерин, тоо-ташын, айыл-кыштактарын көрдүм, кыдырдым. Сөз кыла турган каарманым, менин илимдеги устатым, республикага аты таанылган, таланттуу адабиятчы, сынчы, публицист, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алаханович Тиллебаев. Агайдын кичи мекени Кара-Суу районунун аймагына кеңири кулач жайган Алай кырка тоосунун түндүк тарабынан орун алган, чеп сыяктуу бийик-бийик тоолорго курчалган, өзгөчө бир колориттүү, пейзаждуу чакан айыл.
Садык Тиллебаев 1956-жылдын 1-февралында алыскы тоо койнунда жайгашкан, асман чапчыган дөбөлөрүндө өзгөчө бир жагымдуу мия чөптөр өтө жыш өскөн Мыялы айылында туулган. Кара-Суу шаарындагы Х.Таширов атындагы мектеп- интернаттын бүтүргөн соң, азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин (ал кезде СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети болгон) филология факультетинен жогорку билимге ээ болот. Окууну эң жакшы бүткөн жаш жигитти окутуучулары университеттин өзүндө алып калышат.
Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда адабияттаануу жана адабий көркөм сын боюнча да бөлүм ачылганын угуп, Кыргызстан жазуучулар Союзунун жолдомосу менен кыргыз акын-жазуучулардын көптөгөн муунун тарбиялаган атактуу Адабият институтунан окуп келет. 1989-1991-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий-көркөм сын боюнча секциясынын башчысы болуп иштейт. Андан соң кайрадан педагогдук ишин улантып, С. Тиллебаев катардагы окутуучудан профессорго чейинки жолду басып өттү. 2008-жылы доцент болсо, андан соң профессор болду. 2016 – 17-окуу жылынан тартып, 2024 – 2025-окуу жылына чейин сегиз жыл Улуттук университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору болуп эмгектенди. Сын боюнча секциясынын башчысы (коомдук башталышта) болуп дайындалды.
2011-жылы “Кыргыз поэзиясындагы коллективдештирүү темасы өткөндөгү жана бүгүнкү күндүн көз карашынан (Аалы Токомбаевдин “Өз көзүм менен” поэмасынын мисалында” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2014-жылы “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Садык Тиллебаевдин эң алгачкы рецензиясы 1975-жылдын январында “Ленинчил жаш” гезитине басылат. Адабият айдыңына келген мезгилден бери адабиятчы-окумуштуу адабий сын жана адабияттаануу багытында жазылган үч жүздөн ашуун макалалардын жана бир нече китептердин автору. Шыктуу илимпоз дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин саясий жана маданий борборлорунда уюштурулган форумдарда, симпозиумдарда, конференцияларда илимий баяндамаларды жасаган, эмгектери Орусияда, Кытайда, Түркияда жана башка коңушулаш боордош элдерде басылып чыкты.
Садык Тиллебаевдин “Ала-Тоо” журналы баш болгон бир нече журналдардын редакциялык кеңешинин мүчөсү, адабият боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы баш болгон көптөгөн грамоталардын, “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси баш болгон көптөгөн төш белгилердин ээси.
Агайдын 2004-жылы чыккан «Беш молдо»китеби адабият таануудагы бараандуу эмгек. Китепте Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо жана Молдо Багыштынөмүрү, чыгармачылыгынын кыргыз адабиятындагы орду, калтырган баалуу мурастардын маани-маңызы терең изилденет. Автор аталган акындардын советтик тоталитардык мезгилде маани берилбей, жетиштүү бааланбай, айрым учурда атайылап унутта калган мурастарын кайрадан карап чыгып, тыкыр анализдеп, адилет баалоого аракет кылган. Алардын өмүр тагдырына жана адабий мурастарына экинчи өмүр тартуулаган. «Беш молдонун», беш акындын чыгармалары адабий казына гана эмес, XIX кылымдагы кыргыз тили жана кыргыз тарыхы үчүн да маанилүү булак катары бааланат. Китептин негизги идеясы жана баалуулугу — бул беш акындын эл арасында аты таанылып, ырлары оозеки айтылып, жөн гана диний «молдо» катары эмес, өз мезгилинин акылкөй, дүйнө таанымы кең, сабаттуу адамдары, агартуучулары, таланттуу акындары жана коомдук ойдун ири өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн.
Көрүнүктүү сынчы жана адабиятчы Садык Тиллебаевдин дагы бир өзгөчө басым коюлган эмгеги «Улуу Манас жана анын фальсификаторлору» деп аталып, кыргыз коомчулугу арасында чоң резонанс жараткан. Китептин негизги мазмуну — салттуу “Манас” эпосу менен «“Манас” эпосу жана жайсаңчылардын бурмалоолору» деген теманы камтып, («Айкөл Манас» («Жайсаң») аттуу он томдук жөнүндө) аттуу текстти бирме-бир салыштырып, алардын ортосундагы айырмачылыктарды, одоно кемчиликтерди, атайын бурмалоолорду ачык-айкын сындап, далилдүү фактылар аркылуу көрсөтүп берет. Адабиятчы кыргыздын салттуу санжырасына, эпостун тарыхый-көркөм дүйнөсүнө туура келбеген жактарын санактап берет, ойдон чыгарылган жаңы каармандарды жана окуяларды да талдоого алат.
Муну менен «Айкөл Манас» он томдугунун жаратуучулары кылымдардан бери келе жаткан манасчылардын, улуу таланттар, улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарына шек келтиришип, «аларда айтылгандар жалган» деген бузуку, арамза ойду калк ичине жайылтып жатышканын ашкерелеген.
Агайдын ар бир эмгегине токтолуп отурсак болмок, өлкөнүн билим тармагына жана кыргыз илимине бүт өмүрүн арнап келаткан чыгаан адабиятчы, профессор С.Тиллебаевдин “Унутулган адабият”, “Айтматов тууралуу алты сөз”, “Адабият-аруу дүйнө” аттуу китептери жана 5 монографиясы, 7 илимий макалалар жыйнагы, 8 окуу куралы жана 4 типтүү окуу программалары практикада кеңири колдонулуп жатат.
Агай шакирттери менен жеңил, сый-урматтын алкагында толлеранттуу иштейт. Багыт берип, кеп-кеңешин айтат, изденүүчүлөрдүн билим деңгээлине жана дареметине эркиндик берет. Мүнөзү сылык, эң жөнөкөй, кичипейил, илим жолундагы кармаштардын далайын көрүп чыйралган-курчуган, өзүнүн принцибин кармаган адамгерчиликтүү инсан. Өз оюн, көз карашын таңуулоого караманча каршы. Ачуусу чукул, үнүнүн тонунан маанайын айттырбай сезсе болот. Адилетсиздикке айрыкча негизсиз, жалган бурмалоолорго, куру дооматтарга каршы күрөштөн качпайт.
Урматтуу Садык Алаханович, 70 жылдык маарекеңиз куттуу болсун! Илим-билимдеги сапарыңыз узак-узак болсун, чыгармачылыгыңыз мындан да жемиштүү жана олжолуу болуп, үй-бүлөлүк бактыңыз түбөлүктүү болсун.
(С) Исмаилова Ризван — Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты