2026-жылдын 23-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде чоң жыйындар залында «VI Эл аралык түрк дүйнөсү коммуникация жана искусство” симпозиумунун экинчи күнү өтүүдө.
Симпозиум Түрк дүйнөсүндөгү коммуникация жана искусство тармактары боюнча актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу, учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн бекем негиз түзүү максатын көздөйт.
Иш-чараны КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев расмий түрдө ачып, Улуттук университеттин Түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөр менен илимий-билим берүү жана маданий байланыштары жакшы нукта өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун бир катар алгылыктуу иштерине токтолуп, симпозиумдун алкагында демилгеленген бардык өнөктөштүк долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди жана катышуучуларга ийгилик каалады.
Экинчи күндүн иш-чарасын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргызстан Журналисттер союзу, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети биргеликте уюштурушту.
Симпозиумга Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын төрагасы Мендерес Демир, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев, Түрк Интернети медиа биримдигинин өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. Алар Түрк дүйнөсүндөгү маданий байланыштарды өркүндөтүү жана медиа тармагындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин таланттуу студенттери музыкалык чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле «XI Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалынын» алкагындагы тасмалар катышуучуларга көрсөтүлдү.
Симпозуимдун экинчи бөлүгү илимий маселелерди талкуулоо менен улантылууда. Белгилей кетсек, симпозиум буга чейин Түркия, Азербайджан (Баку), Өзбекстан (Ташкент) жана Казакстанда (Алматы) ийгиликтүү өткөрүлгөн болсо, кезектеги VI жыйын Бишкек шаарында уюштурулууда.


































