2026-жылдын 13-18-октябрында Душанбе шаарында «Түшүм майрамы» фестивалынын алкагында Тажикстандын Туризм жана ишкердик университети тарабынан уюштурулган «Туруктуу туризм жана маданий мурас» аттуу эл аралык форум болуп өттү. Ага 100 дөн ашык өлкөдөн делегаттар катышты. Ж.Баласагын атындагы КУУдан Кыргыз филологиясы факультетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлжамал Жаманкулова, И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогика институтунун доценти, филология илимдеринин кандидаты Апал Абдимомунова жана ага окутуучу Нинакан Кулмамбетова катышып келишти.
Профессор Г.Жаманкулова форумда «Кыргыз орнаменти улуттук мурас катары туризмде» деген темада баяндама жасап, аталган университеттин филология факультетинин студенттерине «Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы» деген темада ачык сабак жана лекцияларды өттү.
Ал эми доцент Апал Абдимомунова менен ага окутуучу Нинакан Кулмамбетова илимий баяндамалары менен чыгып сүйлөштү жана чет тилдер факультетинин студенттерин үчүн ачык сабак жана мастер-класстарды өткөрүштү.
(С) Гүлжамал Жаманкулова — Кыргыз филологиясы факультетинин профессору, филология илимдеринин доктору