Математика жана информатика институтунун жетекчилиги II курстун магистранты Усаров Нурмухаммедди Астана шаарында өткөн Эл аралык конкурста «КМШнын мыкты магистранты-2026» наамына ээ болушу менен чын дилден кызуу куттуктап, ага чың ден соолук, мындан ары да окууларында албан-албан ийгиликтердин жаралышын каалайт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча биздин магистрант окуудагы илимий-чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүктө өзгөчө жетишкендиктери үчүн I даражадагы дипломго, төш белгиге жана жеңүүчүнүн кубогуна ээ болду.
Белгилеп кетчү нерсе, биздин номинанттын бүгүнкү сынакка катышуусунда тийиштүү документтерди даярдоодо жетекчилик кылып, жол көрсөтүп, жыйынтыгында жеңүүчү болуп табылышына директордун тарбия иштери боюнча орун басары ф.- м.и.к. , доцент Бактияр Рахманкуловдун кошкон салымы өзгөчө зор.
Ошондой эле бүгүнкү жетишкендикке чейин Бактияр Зулпукаровичтин түздөн-түз берген натыйжалуу жана туура багыттагы кеңешинин негизинде, Усаров Нурмухаммед бакалавриатта билим алып жургөн мезгилде окуудагы жана коомдук иштердеги өзгөчө жетишкендиктери үчүн КРнын Президентинин стипендиясына татыктуу болгон.
(С) Фархат Назарбаев — институттун профбюросунун төрагасы, ага окутуучу