2026-жылдын 15-16-октябрь күндөрү География, экология жана туризм факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Илим, Жогорку билим берүү жана инновациалар министирлигинин 2026-жылдын 1-октябрындагы 2819 сандуу катына ылайык, Кыргыз Республикасын  өнүктүрүүнүн Улуттук  программасын ишке ашыруу, студенттердин патриоттук аң-сезимин  калыптандыруу, тарыхый эс тутумун бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишти.

Экскурсиянын алкагында студенттер жазуучунун өмүр баяны, чыгармалары, үй-бүлөсү, колдонгон буюм-тайымдары, алган сыйлыктарды менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

(С) Байсеитова Махабат — тарбия иштери боюнча декандын орун басары