2026-жылдын 7–9-октябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Eurasia-Pacific Uninet Plenary Meeting 2026 жана Erasmus+ Cooperation Seminar аттуу эл аралык иш-чаралар болуп өттү. Иш-чараларга Европа жана Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын жана илимий-билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Аталган эл аралык иш-чараларга Жусуп Баласагын атындагы КУУнун илим боюнча проректору, профессор Мырзабек Камчыбек уулу, EPU долбоорунун координатору, профессор Эрмек Муратканович Байбагышов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Eurasia-Pacific Uninet (EPU) боюнча расмий координатору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Байтокова Махабат Айыповна, ошондой эле Адилет Кылычбекович Мамырбаев катышты.

Жолугушуулардын негизги максаты — Европа жана Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, илимий-изилдөө байланыштарын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү менен илимий долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.

Пленардык жыйындардын жана семинарлардын жүрүшүндө Борбордук Азия, Монголия жана Австриянын университеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттары каралды. Ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана Erasmus+ программасынын алкагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу маселелери талкууланды.

EPU уюмунун КНУ боюнча расмий координатору катары Байтокова Махабат Айыповнанын катышуусу университеттин эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарын чыңдоо, жаңы илимий-билим берүү демилгелерин илгерилетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүү болду.

Иш-чаранын алкагында университеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатуу жана эл аралык гранттык программаларга биргелешип катышуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуулардын жыйынтыгында чет өлкөлүк университеттердин өкүлдөрү менен кесиптик байланыштар чыңдалып, мындан аркы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Ошондой эле илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду даярдоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин EPU жана Erasmus+ алкагындагы эл аралык иш-чараларга катышуусу университеттин эл аралык аброюн бекемдөөгө, академиялык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүгө жана дүйнөлүк билим берүү менен илимий мейкиндикке интеграцияланууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз улуттук университети эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий демилгелерди колдоо жана окутуучулар, изилдөөчүлөр менен студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытындагы иштерин улантууда.

(С) Байтокова Махабат — Eurasia-Pacific Uninet (EPU) уюмунун КУУ боюнча расмий координатору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент