2026-жылдын 19-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 5-окуу имаратындагы 204-кабинетте Кыргыз-кытай биргелешкен көп тилдүү маалыматтарды талдоо лабораториясы ачылды.
Бөлмөнүн алдына тартылган кызыл лента кесилген соң, аталган лабораторияда аткарылган иштер жана келечек пландар тууралуу Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев менен Конфуций институтунун директору Жылдыз Усенбаева айтып беришти.
Кыргыз-кытай биргелешкен көп тилдүү маалыматтарды талдоо лабораториясы КУУдагы жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар тармагындагы фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн масштабын кеңейтүү, көп тилдуу маалыматтарды интеллектуалдык иштетүү жана талдоо боюнча илимий багыттарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы илимий-технологиялык интеграцияны тереңдетүү, о.э. эл аралык инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн заманбап изилдөө инфраструктурасын калыптандыруу максатында ачылды.
Лабораториянын приоритеттүү илимий-изилдөө багыттары катары: кыргыз, кытай жана башка тилдердеги маалыматтарды генерациялоо, санариптештирүү жана структуралаштыруу; табигый тилди иштетүү технологияларын өркүндөтүү; көп тилдүү жана мультимодалдык тил моделдерин иштеп чыгуу; о.э. маалыматтарды интеллектуалдык талдоо жана чоң маалыматтарды иштетүү методдорун фундаменталдык изилдөө болуп эсептелет.
Жыйындын соңунда ректор жаңыдан ачылып жаткан лаборатория — илимий жана технологиялык милдеттерди ишке ашырууга багытталган маанилүү, перспективасы бар, келечектүү изилдөө аянтчасы экенин белгилеп, мындан ары таштап салбай, улантып, Кыргызстанга жана Улуттук университетке результат алып келе тургандай иштетүү тапшырмасын берди.