2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик саясий консультативдик кеңешинин тышкы иштер боюнча комитетинин директору Чжан Хуачжун мырза баштаган делегация келди.
Делегациянын өкүлдөрү алгач КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ректор өз сөзүндө Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү ордуна токтолуп, Кыргыз улуттук университети Кытайдын билим берүү жана илимий мекемелери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи жана Синьцзян университети жана Синьцзян айыл чарба университети менен кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө КУУда иш алып барган кытай институттарынын ишмердүүлүгү жана анын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, делегациянын өкүлдөрү университет менен таанышып, Кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева баштаган жамаат менен билим берүү жана илимий изилдөө багыттарында тажрыйба алмашуу, академиялык байланыштарды чыңдоо жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.