2026-жылдын 16-октябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдагы илимий-изилдөө борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө аталган борборлордун учурдагы ишмердүүлүгү, илимий иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана борборлордун ишин оптималдаштыруу маселелери талкууланды.
Ректор Улуттук университеттеги бардык илимий борборлордун иши окуу жайдын илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана илимий жаңылыктарды жаратууга багытталышы керектигин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында бир катар илимий-изилдөө борборлорунун отчеттору угулуп, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын баалоо, эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жаш окумуштууларга, окутуучуларга тийгизген таасири талкууланды.
Мындан тышкары, “Ысык-Көл” илимий станциясында ушул тапта келечектүү илимий долбоор ийгиликтүү ишке ашканы маалымдалды.
Илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу борборлордун аткарган иштери тууралуу маалыматтар менен таанышкандан кийин, илимий изилдөөлөр университеттин илимий потенциалын чыңдоого, окутуучулардын, изилдөөчүлөрдүн жана жаш окумуштуулардын илимий ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталышы керектигин кошумчалады.