2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой  эле  КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, Эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков, ошондой эле Фонддун протокол кызматынын жетекчиси Аблай Абдраимов жана Бота Наспекова катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, улуттук баалуулуктарды сактоо, тарыхый мурастарды изилдөө багыттарында эки тараптуу  кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ректор Догдурбек Чонтоев Актоты Раимкулованын КУУга жасаган иш сапарынын маанисин белгилеп, Түрк маданияты жана мурасы фонду Борбор Азия элдеринин ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара кызматташтыкты чыңдоодо негизги  институт экенин баса белгиледи. Ошондой эле университет менен Фонддун ортосундагы биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Актоты Раимкулова жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Фонд тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштер жана алдыдагы мезгилге пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, ал КУУнун базасында түзүлгөн Түрк мурасы борборунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Борбордун тарыхый-маданий баалуулуктарды изилдөөдө жана аларды эл аралык коомчулукка таанытуудагы салымын белгилеп, көп багыттуу ишмердүүлүгүнүн аркасында келечектеги өнөктөштүктө анын ролу дагы да жогорулай турганын айтты.

Жолугушууда биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Улуттук университеттин аймактык түзүмү кеңейип, анын курамына үч облустагы институттар кошулганын маалымдады. Анын айтымында, бул өзгөрүүлөр түрк мурастарын изилдөөгө багытталган илимий иштердин көлөмүн жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Ошондой эле бир катар перспективдүү долбоорлор сунушталды.

Алардын катарында туризм багыты, археологиялык казууларды жүргүзүү, тарыхый эстеликтерди реставрациялоо, ошондой эле сөздүк түзүү демилгелери бар.

Тараптар сунушталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана мындан аркы өнөктөштүктү активдештирүү боюнча макулдашышты. Жолугушуунун соңунда ректор Догдурбек Чонтоев Актоты Раимкуловага түрк маданиятын жана мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу жаатындагы салымы үчүн «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.