2026-жылдын 7-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу имараттары жана студенттик жатаканалардын коменданттары менен өндүрүштүк жыйын өткөрдү.
Отурумдун башында ректор катышуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, күздөн баштап университет 6 күндүк иш жумасына өтүп жатканын жана окуу процесси 15-сентябрдан башталаарын кабарлады. Андан ары ал бул жерде отургандар — Улуттук университетти тандаган студенттер менен кызыктуу сабак өтө турган окутуучуларга шарт түзүп, жардам бере турган түзүмдөр экенин белгилеп, «Ошондуктан, ушул жуманын ичинде баарыңыздар өзүңүздөргө бектитилген аймакты, окуу имараттарындагы дарскананаларды эшик-терезелеринен баштап студенттердин отурган жерине чейин жууп-тазалап чыгыңыздар. Имараттардын тегерегинде бир да таштанды болбосун», — деди.
Жыйындын соңунда Догдурбек Чонтоев 14-сентябрь күнү эрте мененден баштап бардык окуу имараттарын кыдырып чыгаарын айтып, «Бир жердер бир таштанды, бир жерден бир чаң көрө турган болсом, мага таарынбаңыздар, бир дагы шалкылдаган розетка, бир дагы күйбөгөн лампочка болбосун. Бир жума убакыт бар, үлгүрөсүздөр», — деди.