2026-жылдын 7-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдагы институттардын директорлору, факультеттердин декандары жана КУУнун окуу башкармалыгынын кызматкерлери менен өндүрүштүк жыйын өткөрдү.

Отурумдун башында ректор катышуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, төмөндөгү маселелерге токтолду:

1. Жаңы окуу жылына карата түзүмдөр жайгашкан имараттардын, дарсканалардын даярдыгы;

2. Окуу процессин уюштуруудагы толуктоолор жана өзгөртүүлөр:

  • быйыл абитуриенттер мурдагыдан көп алынгандыктан 5 күндүк иш жумасы 6 күндүк болот;
  • 1, 3-курстар 1-сменада, 2,4-курстар 2-сменада окуп, сабактардын узактыгы 80 мүнөттөн болот;
  • магистратурадагы сабактар 21-сентябрдан башталат.

3. Окуу топторун тузүүдө төмөндөгү нормалар сакталат:

  • табигый багыттагы институт/факультеттердеги топтордо студенттердин саны 12-15ден кем эмес;
  • гуманитардык багыттагы институт/факультеттердеги топтордо студенттердин саны 25-30дан кем эмес;
  • профилдик топтордогу студенттердин саны 25тен кем эмес болушу зарыл.

4. Быйылкы окуу жылында КУУнун 64 билим берүү программалары аккредитациядан өтөт (16 — Бишкекте, калгандары — аймактардагы институт/факультеттерде).

Жыйындын жүрүшүндө ректор түзүм жетекчилерин о.э. Улуттук университеттин дүйнөлүк QS рейтингиндеги позициясын жакшыртуу боюнча сунуштар менен тааныштырып, аларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди жана айрым каржы маселелерине токтолду.

Ушул эле багыттагы маселелер каралган жыйын башкы имараттагы чоң жыйындар залында университеттин кафедра башчылары менен да өткөрүлдү.

Добавить комментарий