2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция болуп, аталган жыйынга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев эл аралык эксперт катары катышты.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн иш-чарада көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациядагы орду жана маданий мурасы, климаттын өзгөрүшү жана санариптештирүү шартындагы туруктуу өнүгүү, саясий-укуктук системалары, археологиялык ачылыштар, этноспорт жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары талкууланды.

Илимий жыйындын расмий бөлүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев ачып, Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, ЮНЕСКОнун алдындагы Азия-Тынч океан регионундагы материалдык эмес маданий мурастардын эл аралык маалымат жана тармактык борборунун (ICHCAP) директору Ким Доксун, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев саламдашуу сөзүн сүйлөштү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова модераторлук кылды.

Конференциянын алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда тематикалык сессиялар өтүп, 8 секцияда талкуулар уюштурулду.

Конференциянын катышуучулары үчүн о.э. китеп көргөзмөсү, музейге экскурсиялар уюштурулуп, достук жана биримдиктин символу болгон боз үйдүн түндүгүн көтөрүү аземи өткөрүлдү.

Добавить комментарий