2026-жылдын 26-август күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунда “Инновациялык борбордун” имаратынын курулушу башталып, куруучулар котлован казууга киришти.
Бул тууралуу КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев билдирди. Анын айтымында, жаңы жылга чейин имараттын дубалдары тургузулуп, үстү жабылып калат.
Белгилей кетсек, аталган борбордун курулушун баштоого арналган азем 2026-жылдын 20-июнь күнү өтүп, имараттын пайдубалына капсула салынган.