2026-жылдын 26-август күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунда “Инновациялык борбордун” имаратынын курулушу башталып, куруучулар котлован казууга киришти.

Объекттеги курулуштун жүрүшү менен КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана институттун жетекчилери таанышты.

Белгилей кетсек, аталган борбордун курулушун баштоого арналган азем 2026-жылдын 20-июнь күнү өткөрүлүп, имараттын пайдубалына капсула салынган. Эми, имараттын дубалдары жаңы жылга чейин тургузулуп, үстү жабылат.

Добавить комментарий