2026-жылдын 26-август күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.
Жолугушуунун башында Улуттук университетте окуп, 1981-жылы «физиканын окутуучусу», 1994-жылы «юрист» адистигин алган Өмүрбек Текебаев бүгүн «үйгө келип, бүтүндөй бир доорду көрүп жаткандай болуп жатканын» айтып, Кыргызстандын тарыхчылар ассоциясынын мүчөсү, кыргыздарды изилдөө боюнча ДНК-тест лабораториясынын башчысы Кубан Чороев менен биргеликте жазган «Династия. Металл. Конь» аттуу тарыхый үчилтигинин биринчи томунун жазылуу себептери жана кийинки пландары тууралуу кенен маалымат берди.
Анын айтымында, 2019-жылы кытай окумуштуусу Ю Тайшан «Кыргыз» деген этнонимдин тарыхый булактарда алгачкы кездешүү датасы буга чейинкиден да эскирээк» деген гипотезаны сунуштаган. Бирок, ошондон бери жети жыл өтсө да эч ким аны изилдеп, далилдегенге аракет кылбаптыр. Биз ошол гипотезаны далилдейбиз дедик.
Сөзүнүн соңунда Өмүрбек Текебаев» үчилтиктин 1-томуна колтамгасын коюп, ректорго белек кылды.
Ректор Элчи мырзага берген маалыматы жана белеги үчүн ыраазычылык билдирип, «Азыр китепти карап отурсам, окуганга жеңил жазылыптыр. Шашпай окуп чыгам. Биздин эшигибиз дайым ачык. Сиз менен иштешкенге даярбыз. Кийинчерээк, шашпай келгенде конок лекция окуп бериңиз», — деди.
Жолугушууга о.э. Кыргызстандын тарыхчылар ассоциясынын мүчөсү Кубан Чороев менен юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев катышты.