2026-жылдын 25-август күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Корея менен Япониянын жогорку окуу жайларына окууга кетип жаткан университеттин 26 студентин кабыл алып, каалоо-тилектерин айтты жана ак жол каалады.

— Улуттук университетте 50 миңден ашуун студент окуйт. Ошолордун ичинен тандалып, жарым жылдан бир жылга чейин Корея менен Японияда окуп келүү миссиясы силердин маңдайыңарга жазылыптыр. Бул — силер үчүн чоң сыймык, — деп баштады сөзүн ректор. — Университеттин жетекчиси катары бул мобилдүүлүк программасын татыктуу ишке ашырып келишиңерди суранам. Корея менен Японияда коопсуздук шарттары түзүлгөн, жатакана беришет. Эң негизгиси – чет жакта өзүңөрдү жакшы карап, жакшы билим алып, Кыргызстанды жакшы жагынан көрсөтүп жүргүлө . Өнөктөштөр «Кыргызстандын студенттери ушундай билимдүү, жакшы студенттер» десе, биз үчүн да сыймык. Силер быйыл өзүңөрдү жакшы жагынан көрсөтсөңөр, эмки жылы бара турган студенттерге да жакшы мамиле болот. Ошондуктан, баарыңардан сураныч – Корея менен Япониядагы жакшы билимди, жакшы технологияларды, жакшы нерселерди өзүңөргө алып, «Бизде деле ушундай кылса болот турбайбы» деп, келгенден кийин биздин студенттерге айтып бергиле. Ал жакта өзүңөргө өзүңөр жооп бересиңер. Ошондуктан, бөөдө кырсыктан алыс болуп, ден соолукту жакшы карап, бири-бириңерге жардам берип, жакшы билим алып келгиле. Баарыңарга ийгилик, ак жол. Улуттук университетти татыктуу көрсөтүп келесиңер деген чоң үмүт бар силерге, — деди Догдурбек Чонтоев.

Корея менен Японияга окууга кетип жаткан студенттерге о.э. Корея Республикасынын Бишкектеги билим берүү борборунун директору Джо Чан мырза, студенттердин ата-энелери каалоо-тилектерин айтышып, ак жол каалашты. Ал эми КУУнун окуу башкармалыгынын кызматкерлери студенттерге өздөрүнүн деканаттары менен байланышты үзбөй, бул жактагы модуль, экзамендерди да өз убагында тапшырып туруу зарылдыгын эскертишти.

Жыйындын модераторлук милдетин эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков аткарып, Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Эсен Усубалиев катышты.

Студенттердин тизмеси:

  1. Мырзабекова Мээрим — Чет тилдер институту (Чонбук улуттук университети, Корея)
  2. Эркинбекова Айгерим — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Чонбук улуттук университети, Корея)
  3. Ногоев Даурен — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Чонбук улуттук университети, Корея)
  4. Кенешбекова Периште — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Чонбук улуттук университети, Корея)
  5. Аманкулова Айдана — Чет тилдер институту (Чонбук улуттук университети, Корея)
  6. Бактыбекова Акмарал — Чет тилдер институту (Кореянын Чонбук улуттук университети)
  7. Нурбекова Аяна — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Чонбук улуттук университети, Корея)
  8. Алимбекова Айчурок — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Чонбук улуттук университети, Корея)
  9. Уланова Салима — Чет тилдер институту (Чонбук улуттук университети, Корея)
  10. Турдукеева Жаркынай — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Чонбук улуттук университети, Корея)
  11. Муратбекова Фарида — Чет тилдер институту (Пай Чай университети, Корея)
  12. Кадырова Аружан — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Кемён университети, Корея)
  13. Майрамбекова Альбина — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Кемён университети, Корея)
  14. Илияева Адинай — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Инчхон университети, Корея)
  15. Нурболот кызы Назик — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Инчхон университети, Корея)
  16. Абдумомунова Альбина — Чет тилдер институту (Ханбат улуттук университети, Корея)
  17. Нуртаева Элиза — Чет тилдер институту (Ханбат улуттук университети, Корея)
  18. Рашидинов Бектурсун — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Ханбат улуттук университети, Корея)
  19. Мыктыбеков Темирлан — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Ханбат улуттук университети, Корея)
  20. Арстанбеков Султан — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Ханбат улуттук университети, Корея)
  21. Мыктыбеков Азирет — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Токио чет тилдер институту, Япония)
  22. Эргешова Акмарал — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Токио чет тилдер институту, Япония)
  23. Айтбаева Фатима — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Токио чет тилдер институту, Япония)
  24. Муратбекова Назбике — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Токио чет тилдер институту, Япония)
  25. Касымбекова Дилназ — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Токио чет тилдер институту, Япония)
  26. Сардеков Шахзат — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (Цукуба университети, Япония).

Добавить комментарий