2026-жылдын 19-августунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Чыгыш Кытай педагогикалык университетинин Борбордук Азияны изилдөө борборунун директору Лу Ган мырза баштаган делегация иш сапары менен келди.

Конокторду инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова жылуу кабыл алып, билим берүү, илимий-изилдөө, эл аралык кызматташтык жана биргелешкен иштерди өнүктүрүү боюнча ар тараптуу маселелерди талкуулашты.

Өз кезегинде Лу Ган мырза кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуусун билдирип, жазуучунун «Ак кеме» повестин кытай тилинде окуганын айтып берди. Ал чыгарма тууралуу өзүнүн таасирлери жана ой-пикирлери менен бөлүшүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз-кытай маданий байланыштарын бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптын ортосунда өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюу жана биргелешкен иш-чараларды активдүү жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бул жолугушуу Кыргыз улуттук университети менен Чыгыш Кытай педагогикалык университетинин ортосундагы илимий, билим берүү жана маданий байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам болуп калды.

Иш-чарага о.э. Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин орун басары Диана Султанбекова катышты.

(С) Чынар Журабаева — Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин башкы адиси

Добавить комментарий