2026-жылдын 12-август күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди КУУнун бакалавриаты менен магистратурасына кабыл алуунун соңку, 5-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, биринчи проректор Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга ректораттын аппарат жетекчиси  Ынтымак Касмакунов, университеттин Бишкектеги жана аймактардагы факультеттери менен институттарынын жетекчилери катышты.

Жыйын өмүрүнүн 52 жылын Улуттук университетке арнап, 2026-жылдын 4-август күнү 80 жаш курагында кайтыш болгон тарых илимдеринин доктору, профессор Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбекович жаркын элесин минуталык эскерүү менен башталды. Андан кийин Алайбек Шамшиев университеттин бардык түзүмдөрүнө 12 миң 543 студент кабыл алынганын (анын ичинен 670 — бюджет, 11 873 — контракт) кабарлап, бул өтө жакшы көрсөткүч экенин белгиледи жана жыйындын катышуучуларына алдыдагы жогорку билимден кийинки билим берүү программалары менен магистратурага кабыл алууда ийгиликтерди каалады.

Андан ары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

5-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий