2026-жылдын 30-июлунан 4-августуна чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 50 кызматкери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине таандык «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда акысыз эс алышты.
Бул демилгенин негизги максаты — университеттин учурдагы билим берүү түзүмүнө кирген аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн жамааттарынын ортосунда биригүү жана кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле кызматкерлерге социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүү жана ден соолукту чыңдоо программаларын ишке ашыруу маселелери боюнча КУУнун Кесиптик бирлик комитети менен университеттин жетекчилигинин ортосунда социалдык өнөктөштүктүн формаларын өнүктүрүүгө багытталган.
«Красная гвоздика — 2026» (Профсоюзный комитет КНУ им. Ж. Баласагына)
(С) К.Жумабеков — КУУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы