2026-жылдын 8-июлунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун (ККДжКЖ) «Педагогикалык билим берүү» кошумча кесиптик билим берүү программасын ийгиликтүү аяктаган 25 бүтүрүүчүгө дипломдорду тапшырды.

Ректор бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аяктап, «Мугалим/педагог» квалификациясынын ыйгарылышы жана Улуттук университеттин өздүк үлгүдөгү тиешелүү дипломун алып жатышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ректордун айтымында, бул диплом — университетке Президент Садыр Жапаровдун 1922-жылдын 18-июундагы жарлыгы менен өзгөчө статус берилишинин жыйынтыгы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

  • орто же жогорку кесиптик педагогикалык билими барлар;
  • педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөндөр.

Бул мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу максатында ККДжКЖ институтунда «Педагогикалык билим берүү» тездетилген кошумча кесиптик билим берүү программасы ачылып, ийгиликтүү ишке ашырылууда. Программа КУУнун окутуучулары менен кызматкерлерине, о.э. башка билим берүү уюмдарынын (жалпы билим берүүчү мектептердин, колледждердин жана жогорку окуу жайлардын) педагогикалык билими жок, бирок педагогикалык квалификацияга ээ болууну каалаган педагогикалык кызматкерлерине багытталган.

Программада окуу мөөнөтү 9 ай. Окууну аяктагандарга «Мугалим/педагог» квалификациясы ыйгарылып, бүтүрүүчүлөргө КУУнун өздүк үлгүдөгү диплому берилет. Аталган диплом педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун ырастайт.

(С) С.В.Базарканова — ККДжКЖ институтунун башкы адиси

Добавить комментарий