2026-жылдын 18-июнунда Эл аралык колледжде англис тили боюнча олимпиадада өз билимдерин жана жөндөмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүшкөн студенттерди сыйлоо аземи өткөрүлүп, катышуучулар — сертификаттар, ал эми жеңүүчүлөр менен байгелүү орундардын ээлери дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чаранын демөөрчүсү «Lion» дүкөндөр тармагынын башкы директору Аслан мырза болду. Анын колдоосу менен олимпиаданын бардык катышуучуларына белектер, о.э. таттуулар жана суусундуктар тапшырылды. Майрамдык маанай тартуулаган Аслан мырзанын колдоосу студенттерди жаңы жетишкендиктерге шыктандырып, билим алууга болгон кызыгуусун арттырды.
Эл аралык колледждин администрациясы билим берүү тармагын колдогондугу жана студенттердин жетишкендиктерин баалоого кошкон салымы үчүн Аслан мырзага терең ыраазычылык билдирет.
(С) Н.М.Джапарова — окутуучу