2026-жылдын 16-июнунда Физика жана электроника факультетинде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага факультеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышты.
Салтанаттуу кечени факультеттин деканы, доцент Токтогонов С.А. агайыбыз ачып, бүтүрүүчүлөрдүн бир нече жылдык эмгегин, илимий жетишкендиктерин баса белгилеп, алдыдагы кесиптик жолуна ийгилик каалады. Ошондой эле факультеттин аксакалдары проф. Мамбетакунов Э. агай жана доц. Кожоева С. эжебиз жылуу сөздөрүн айтып, бардык бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Окуудагы өзгөчө жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн бир катар студенттер баса белгиленди. Факультетинин кезектеги бүтүрүүчүлөрүнө ардак гарматалар тапшырылды.
Бүтүрүүчүлөр өз кезегинде алтынга тете билим берген агай-эжейлерине терең ыраазычылыктарын билдиришип, факультеттин атын ар дайым бийик тутууга убада беришти. Кечени куттуктап келген коноктордун жана факультеттин студенттери менен даярдалган чакан концерттик программа жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Уюштуруу иштери факульеттин бүтүрүүчүлөрү жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Тыныбек к А. тарабынан ишке ашырылды.
(С) Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Тыныбек к А.
Автордун стилистикасы менен грамматикасы толугу менен сакталды