2026-жылдын 18-июнунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз филологиясы факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн урматына арналган «Келечекти бирге курган жылдар» аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чараны факультет деканы, ф.и.к., доц. Жайлообаев Б.А. баштаган окутуучулук курам ачып, эң мыкты бүтүрүүчүлөргө окуудагы жетишкендиктери үчүн ардак грамота жана келген ата-энелерге ыраазычылык кат тапшырылды.

Кеченин жүрүшүндө студенттик жылдардын кызыктуу жана унутулгус көз ирмемдери эскерилип, жагымдуу ыр-күүлөр жаңырды, окутуучулар жана ата-энелер тарабынан бүтүрүүчүлөргө ак тилектер айтылды. Бул күн ар бир бүтүрүүчү үчүн жаштыктын эң сонун учурларын эске салган, келечекке болгон ишенимди арттырган өзгөчө эстелик күн болуп калды. Беш жыл ичинде топтолгон билим, тажрыйба жана достук мамилелер бүтүрүүчүлөрдүн жаркын келечегине бекем пайдубал болору шексиз.

Бүтүрүүчүлөрдүн жолу байсалдуу, келечеги кең болуп, алган билими элге кызмат кылып, чоң ийгиликтерге жана зор жетишкендиктерге жеткирсин!

(С) Тилабердиева С.Б. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий