2026-жылдын 9-июнь Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде аспиранттар жана жаш илимий изилдөөчүлөр үчүн илимий семинар өткөрүлдү.

Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо жана алардын илимий ишмердүүлүгүн өнүктүрүү — университеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө КУУнун С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун профессорунун м.а., КУУнун долбоорлор боюнча координатору Эрмек Байбагышов менен Борбордук Азиядагы Америка университетинин DAAD-лектору, Германиядагы Гумбольдт университетинин доктору Улан Касымов «Илимий долбоорду жана илимий макаланы кантип жазуу керек?» жана «Стипендиялык программаларга документтерди кантип тапшыруу керек?» деген темалар боюнча баяндама жасашып, катышуучуларга илимий долбоорлорду даярдоонун талаптары, илимий макалаларды жазуунун негизги принциптери, о.э. жаш изилдөөчүлөр үчүн каралган стипендиялык программалар тууралуу кеңири маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү, эл аралык илимий долбоорлорго жана стипендиялык программаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пайдалуу маалыматтар менен таанышышты.

Семинардын соңунда илимий иштер боюнча проректору Камчыбек уулу Мырзабек сөз сүйлөп, жаш окумуштуулардын илимий ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү мындай иш-чаралардын маанисине токтолду жана семинардын лекторлоруна «Кыргыз улуттук университетинин калыптанышы жана өнүгүүсүнүн жүз жылдык тарыхы» аттуу китепти белекке тапшырды.

(С) Абдыраимова Нуриза — илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий