2026-жылдын 4-майында Чет тилдер институтунда француз тилин үйрөнүп жаткан төрт студентке Швейцариядан келген волонтердук үй-бүлө – Брижит жана Жан-Жак Файет тарабынан 150 евро өлчөмүндө бир жолку стипендия тапшырылды.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерди колдоого багытталган бул кайрымдуулук демилге 2018-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Файет үй-бүлөсүнүн көп жылдык колдоосу студенттердин билим алуусуна жана чет тилдерди өздөштүрүүсүнө чоң өбөлгө түзүп келет.
Белгилей кетсек, бул кайрымдуулук иш-чарасы Роман-герман тилдер кафедрасынын башчысы Мария Акчекеева менен Брижит жана Жан-Жак Файет үй-бүлөсүнүн ортосундагы көп жылдык кызматташтык мамилелеринин аркасында ишке ашырылып, өз ара ишенимге негизделген байланыштын натыйжасында швейцариялык үй-бүлө жыл сайын Чет тилдер институтунун студенттерине колдоо көрсөтүп келет.
Чет тилдер институтунун жетекчилиги жана студенттери Брижит жана Жан-Жак Файетке жаштарды колдоого, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Мындай кайрымдуулук демилгелери элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт..
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары