2026-жылдын 22-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Жасалма интеллект доорунда илим, билим берүү жана санариптик инновациялар» аттуу илимий-тажрыйбалык эл аралык конференция болуп өттү.
Иш-чараны КУУнун инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова ачты. Илимий жыйынга ЖОЖ өкүлдөрү, докторанттар, магистранттар жана Корея Респубикасынан профессорлор, окумуштуулар катышты.
Конференциянын пленардык отурумунда жасалма интеллектке байланышкан бир катар актуалдуу темалар талкууланып, санариптик сабаттуулуктун мааниси өзгөчө белгиленди. Мындан тышкары ЖИ доорундагы эң чоң коркунучтардын бирине айланып жаткан «акылдуу» алдамчылык — дипфейк, киберкоопсуздук тууралуу кеңири сөз болуп, катышуучулар суроо-жооп форматында пикир алышты.
Конференциянын алкагында эки секция иш алып барып, анда жасалма интеллект, машиналык окутуу жана интеллектуалдык маалыматтык системалар, санариптик билим берүү, генеративдик технологиялар жана инновациялык экосистемалар боюнча илимий баяндамалар окулду.
КУУнун Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту уюштурган иш-чаранын максаты — санариптик доордо өз ара тажрыйба алмашуу максатын көздөдү.
Эл аралык конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификат тапшырылды.
Пленардык отурум














Секциялар












Сертификат тапшыруу










