2026-жылдын 21-май күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Бозжол» философиялык изилдөө борбору, Soka Gakkai International (Япония) жана ИСИТО тарабынан уюштурулган “Дайсаку Икеда менен Чыңгыз Айтматовдун тынчтык жана гуманизм философиясы: XXI кылымдагы туруктуу өнүгүүнүн руханий негиздери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйындын сыйлуу конокторун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев кабыл алып, окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди жана алдыдагы конференциянын ишине ийгиликтерди каалады. Soka Gakkai International-дын эл аралык иштер башкармалыгынын директорунун орун басары Хадзимэ Мидзусима мырза бул жолугушуу — болочок кызматташтыктын башталышы болооруна ишнээрин билдирди.

Конференцияга Кыргызстан, Япония, Россия, Казакстан, Түркия, Германия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулар катышып, XXI кылымдагы руханий кризис, гуманизм, маданияттар аралык диалог жана тынчтык философиясы тууралуу илимий баяндамаларды жасашты.

Илимий жыйындын негизги өзөгү Чыңгыз Айтматов менен Дайсаку Икеданын адамзаттын руханий өнүгүүсүнө багытталган идеяларын азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында кайрадан философиялык аңдап түшүнүү болду. Конференция гуманисттик баалуулуктарды чыңдоого жана эл аралык интеллектуалдык диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.

Биринчи проректор Алайбек Шамшиев менен жолугушуу

Конференциянын жүрүшү

Добавить комментарий