2026-жылдын 22-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында белгилүү окумуштуу, журналист, педагог, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айна Талгарбековна Дуйшекееванын 70 жылдык мааракесине карата Журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган «Көчмөндөрдүн маалымат алмашуу моделдери жана заманбап медиа системалар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий иш-чара көчмөн коомдордо калыптанган маалымат алмашуу моделдерин изилдөөгө жана алардын азыркы медиа системалар менен байланышын талдоого арналды. Конференциянын катышуучулары көчмөндөрдүн коммуникациясы мобилдүүлүккө, оозеки маданиятка, символдук белгилерге жана тыгыз социалдык байланыштарга негизделгенин белгилешип, бул өзгөчөлүктөрдүн бүгүнкү санариптик доордо, айрыкча социалдык тармактардын өнүгүшүндө кайрадан актуалдуу болуп жатканын белгилешти.
Конференцияны Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк алып барып, өз сөзүндө аталган илимий иш-чаранын көчмөндөр цивилизациясы үчүн маанилүү экенин, конференция VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын утурлай уюштурулуп жатканын баса белгиледи.
КУУнун биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректор А.Шамшиев куттуктоо сөзүндө А.Дуйшекееванын журналисттик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана улуттук журналисттик илиминин калыптанышына кошкон салымын белгилеп, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.
Конференция үч тематикалык сессиядан турду. Биринчи сессия көчмөндөр коммуникациясынын теориялык жана методологиялык аспектилерине арналды. Анда философия илимдеринин доктору А.Бекбоев көчмөндөрдүн дүйнө таанымы тууралуу баяндама жасап, доцент Айнура Жумагул кызы элдик философия менен руханий баалуулуктардын коомдогу ордун талдап берди. Польшадагы Улуу Казимир университетинин профессору Н.Шукуралиева көчмөндөрдөн санарип дооруна чейинки маалымат агымдарынын өнүгүшүнө токтолуп, санариптик көчмөндүк тууралуу пикири менен бөлүштү.
Экинчи сессияда көчмөндөрдүн маалымат алмашуусунун тарыхый моделдери каралды. Анда филология илимдеринин доктору М.Көлбаева төкмө акындардын маалымат жеткирүүдөгү жана коомдук пикирди калыптандыруудагы ролун белгиледи. Казакстандын Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору Р.Нуреден өз баяндамасында диний ишенимдердин коммуникациядагы таанып-билүүчүлүк аспектилерине токтолду.
Үчүнчү сессия оозеки маданиятка, каада-салттарга жана маалымат берүү механизмдерине арналды. «Манас» улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы кыргыздардын коммуникациясындагы «кудай конок» феномени тууралуу сөз сүйлөсө, Журналистика жана коммуникация институтунун «Эл аралык журналистика» билим берүү программасынын жетекчиси Ж.Акматбекова каада-салттар аркылуу маалымат жеткирүүнүн өзгөчөлүктөрүн талдап берди.
Конференциянын жыйынтыктоочу баяндамаларынын бири маараке ээсинин өзүнө таандык болду. Журналистика жана коммуникация институтунун «Телевидение» билим берүү программасынын жетекчиси, доцент А.Дуйшекеева «Көчмөн коммуникация модели» концепциясы жана анын заманбап медиасистемалар менен болгон байланышы тууралуу баяндама жасап, көчмөндөрдүн маалымат алмашуу тажрыйбасы бүгүнкү медиа мейкиндикте дагы өз маанисин жоготпой турганын белгиледи.
Конференциянын катышуучулары А.Дуйшекееванын журналистика илимин өнүктүрүүдөгү, жаш адистерди тарбиялоодогу жана кыргыз медиабилим берүү тармагына кошкон салымын жогору баалашып, окумуштууну 70 жылдык мааракеси менен куттукташты.
Илимий жыйын көчмөндөрдүн маалымат алмашуу маданиятын жаңы көз караштан кароого мүмкүнчүлүк түзүп, анын заманбап коммуникация жана медиа системалары менен болгон байланыштарын кеңири талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп берди.
(С) П.Джаныбекова — адис


















