2026-жылдын 19-майында Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин алдында түзүлгөн “Жаратман Ордо” чыгармачыл жаштар уюмунун демилгеси менен лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында “Бүгүнкү студент — эртеңки лидер” аттуу мастер-класс өткөрүлдү.
Иш-чаранын коноктору өз тармагында ийгиликтерди жаратып келе жаткан тажрыйбалуу айымдар Зарема Асаналиева жана Асель Шалтаева болду. Алар студенттер менен өздөрүнүн эмгек жолу, жетишкендиктери, кыйынчылыктарды жеңүү тажрыйбалары жана ийгиликке жетүүнүн сырлары тууралуу бөлүшүштү.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар лидерлик, жоопкерчилик, өзүнө болгон ишеним жана үзгүлтүксүз өнүгүүнүн мааниси тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты. Ошондой эле студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алып, мотивациялык кеңештерге ээ болушту.
“Жаратман Ордо” чыгармачыл жаштар уюму мындан ары да жаштардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоого багытталган иш-чараларды уюштурууну улантат.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, жаштарга жаңы дем жана келечекке болгон ишеним тартуулады.
(С) Дуйшөнакун уулу Адилет— жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчы










