2026-жылдын 14-15 — май күндөрү Өзбекстан республикасынын Ташкент шаарында Ватан университети менен 9 университет биргеликте “Үчүнчү кайра жаралуу доорунун пайдубалын түзүүдө Юсуф Хос Хажибдин философиялык мурастарынын мааниси” аттуу  ll Эл аралык конференция өз ишин баштады.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Туркия, Азербайжан, Тажикстан мамлекеттеринен окумуштуу-изилдөөчүлөрү катышты. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин профессору Айман Акынбекова “Историко-сравнительный анализ гласных в. языке произведения “ Кутадгу билиг” ( на основе языков кыргызского, узбекского и уйгурского языков)”, доцент Назгуль Турдубаева “Вопросы государственности в поэме Жусупа Баласагына в поэме «Благодатное знания» аттуу илимий макалалары менен пленардык жыйында баяндама жасап келишти.

Ошону менен катар академиялык мобилдүүлүк боюнча Ватан университетинин филология жана педагогика факультеттеринин дистанттык формада окуган студенттерине конок лекция окуп келишти.

(С) Турдубаева Назгуль — кыргыз филологиясы факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий