2026- жылдын 20-май күнү математика жана информатика институтунун академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын эмгек жамааты, студенттер жана мектеп окуучулары мекендин тарыхын таанып билүү, жаратылыштын кооздугун сезүү жана айлана — чөйрөго аяр мамиле кылууга үндөө максатында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине , «Ала-Арча” жаратылыш паркы жана “Татыр” эс алуу комплексине саякат жасап келишти.

Экскурсиянын катышуучулары 1916-жылкы Үркүн каргашасында каза болгондорго, 1930–1937–жылдардагы репрессияга кабылгандарга, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айматовго жана 2010–жылы Апрель революциясынын баатырларына куран окушуп, эстеликтерине таазим этип, гүлдестелерди коюшту.

Жүрүш учурунда өсүп келе жаткан жаш муундар Апрель революциясынын баатырларынын арасында КУУнун эки окутуучусу: Кудайбергенов Жолдошбек жана Жумаев Мырзабек бар экендиги тууралуу кабардар болушту.

Айтылгандардын баары биздин тарых.

Кафедра башчысы Бекболот Канетовдун айтымында , мазмундуу жана таасирдүү өткөн бул сапар , катышуучуларга жагымдуу эс алуу менен катар биримдикти бекемдеп , мекенге болгон сүйүүнү жана жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилени арттырганын баса белгилеп кетти.

Тарыхыбызды унутпайлы, маданиятыбызды өстүрөлү жана бул байлыктарыбызды кийинки муундар баалагандай иштерди жасайлы.

Саякат «КУУнун күнү» майрамынын алкагында жүргүзүлдү.

Бүгүнкү экскурсия мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги таянымдарынын бири саналган кыргыз элинин баалуулуктарына кирген тарыхий эстеликтерибиз менен жаштарды тааныштыруу, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу , ага зыян келтирбей этияттык менен пайдаланууну, жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүп, элге кызмат кылуу дараметине, заман талабына ылайык билим жана кесипкөйлүккө ээ, эркин ой жүгүртүп, өз алдынча туура чечим чыгара алган, максатына жетүүдө ар кандай тоскоолдуктарды жеңе билген, эрки бекем, өз мекенин, элин чексиз сүйгөн кыргызстандык жарандарды тарбиялоо максатында жүргүзүлдү.  

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары ,ф.-м.и.к.,доцент

Добавить комментарий